Бишкектеги №1316-шайлоо участкасында 9 адам маалымат базасында жок болуп чыкты. Муну бүгүн, 4-октябрда аталган шайлоо участкасынын төрайымы Оксана Вертиполох билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары 30 адам өзүн тизмеден таппай, башка участкаларга жөнөтүлгөн.
"Биздин шайлоо участкабыз боюнча 1528 жаран шайлоого катышмак, учурда алардын 555и добуш берди. Булардын арасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 31 адам кечээ үйүндө добуш берген. Биометрикалык маалыматын тапшырбаган 2 адам шайлоого катышам деп келди. Бир улгайган адам келип, аялынын ордуна добуш берүүгө аракет жасады. Анын жубайы төшөктөн тура албайт экен. Мындай жарандарга биз кечээ үйлөрүнө барып добуштарын кабыл алганбыз да. Негизинен шайлоо өз нугунда өтүүдө",- деди төрайым.