2015-жылдын январь-августунда мамлекеттик ички жана тышкы карызды төлөөгө 8,3 миллиард сом жумшалды

2015-жылдын январь-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө өлкөнүн республикалык бюджетинен 8 миллиард 312,4 миллион сом жумшалды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, 4 миллиард 155,5 миллион сом тышкы карызга, 4 миллиард 156,9 миллион сом ички карызга сарпталды.
2015-жылдын 31-июлуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 миллиард 619 миллион долларды түздү. Анын ичинде тышкы карыз – 3 миллиард 392 миллион доллар, ички карыз – 227 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан