Темир Сариев шайлоонун ачык-айкын жана таза өткөнүн ага катышкан саясий партиялар, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тааныганын белгиледи.
"Шайлоонун ачык-айкын, мыйзамдын чегинде жана демократиялык негизде өткөнүн ага көз салган эл аралык, көз карандысыз жана жергиликтүү байкоочулар билдиришти. 68 өлкөдөн, 49 эл аралык уюмдан келген 600дөн ашык байкоочу оң баасын берип жатат. Эң негизгиси, биздин элибиз шайлоонун кандай өткөнүн өз көзү менен көрүп ынанды”,- деди Темир Сариев.