Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру уланат. Октябрь айында "В" тайпасында 5-турда кыргыз футболчулары Тажикстан жана Бангладеш менен беттешет. Бул беттештерде Австралияга каршы беттеште катталгандай көрүнүштөр кайталанбоосу үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бир катар иштер аткарылууда. Мисалы, учурда күйөрмандардын стадиондон аттап кирбөөсү үчүн тосмолор коюлууда жана бактар кыркылып жатат.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен 8-октябрда, Бангладеш менен 13-октябрда ойнойт.