Айнура Усупбекова: "Негизинен шайлоо таза өттү"

Өлкөдө 2-3 шайлоо участкасында автоматтык урналар атайылап иштен чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйынында "Таза шайлоо" уюмунун аткаруучу директору Айнура Усупбекова билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоого комиссия мүчөлөрү жакшы даяр болгон эмес. "Кечээ саат 08:00дөн 09:30га чейин операторлордун тажрыйбасыздыгына байланыштуу шайлоо процесси жакшы старт ала албай жатты. Шайлоонун жыйынтыгында протоколдор менен чектерди салыштырганда 1-2 добушка гана айырмачылыктар болуп жатты. Муну менен катар шайлоо участкаларынын жанында үгүтчүлөр көп жүрүштү. Алар добуштарды сатып алып жатыштыбы же жокпу, мунун баары жарандардын моюнунда болот. Негизинен шайлоо ачык-айкын өттү деп айтсак болот. Биометрикалык каттоону 1,5 жыл бою басмырлаганыбыз менен, кечээ өткөн шайлоодо бул эффективдүү экени билинди",- деди Усупбекова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан