Байкоочу: "15 шайлоо участкасынын жыйынтыгы күмөн санатат, алардын үчөөсүндө мыйзам бузуу фактылары болгон"

Бүгүн, 5-октябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө «Таза шайлоо» ассоциациясынан байкоочу Азамат Исмаилов: "15 шайлоо участкасынын жыйынтыгы бизди күмөн санатат, бирок 3 шайлоо тилкеси боюнча гана мыйзам бузуу фактылары болгон деп айта алабыз",- деп билдирди. Анын айтымында, түзүлгөн актылардын бири кызыл жанган шайлоочуга чек чыгарылып, бюллетендин берилбешине байланыштуу.
«Шайлоонун жүрүшүндө биздин байкоочулар тараптан 250гө жакын акт түзүлгөн, бирок алардын көбү ошол жерден комиссия мүчөлөрү тарабынан чечилип жатты. Актылардын кээ бирлерин гана аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп бердик. Бүгүнкү күнгө чейин бизге жооп келе элек. Ал эми мыйзам боюнча, алар ошол күнү эле бизге тиешелүү жооп кайтарышы керек болчу. Бул боюнча БШКга арызданабыз»,- деди байкоочу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан