Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда Жогорку Соттун кайра шайланган жетекчилери менен жолугушту. Президент Жогорку Соттун төрайымы болуп шайланышы менен Айнаш Токбаеваны, анын орун басарлыгына дайындалышкан Качыке Эсенканованы, Анархан Базаралиеваны жана Феруза Жамашеваны куттуктап, иштерине ийгилик каалаганын билдиришти президенттик аппараттан. Аталган органдын жетекчилиги таза иштеп, жарандардын укугу менен эркиндигин коргоого аларына ишенерин билдирген өлкө башчы Жогорку Соттун алдында маанилүү иш - жарандардын сотторго ишенимин жогорулатуу, коррупцияны жоюу жана соттук корпустун өзүн өзү тазалоосуна кам көрүп, соттук реформа жасоо милдети турганын белгиледи.