Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы
Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты
Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрүшүндө Д.Нарымбаевдин жактоочулары сотко КСДПнын лидери
Чыныбай Турсунбековдун, Жогорку Кеңештин депутаты
Нургазы Айдаровдун жана Жогорку Соттун судьясы
Канат Турганбековдун күбө катары келүүсүн өтүнүштү. Судья жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, мамлекеттик айыптоочуларга келерки соттук отурумга аталган жарандардын келүүсүн камсыздоону тапшырды. Кийинки отурум 15-октябрга белгиленди.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин
катышы бар экенин билдирген.
Андан кийин 22-июлда
Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.
Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.