Бишкек шаарында телефон уурдоо кылмышына шектүү 10 жашар кыз кармалды. Бул маалыматты Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя боюнча: Шаардын тургуну, 40 жаштагы А.Назгүл аттуу айым өзүнүн 14 жашар кызынын уюлдук телефонун ал окуган мектептен бирөө уурдап алганын айтып милицияга арызданган. Буга байланыштуу Биринчи Май РИИБинин укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү Т.М. аттуу 10 жашар кызды кармашты. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.