Бүгүн, 5-октябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар өткөрүлгөн парламенттик шайлоо тууралуу пикирин билдиришти. Алар жаңы шайлоо технологияларын колдонууну шайлоо процессин жакшыртуудагы саясий эрк деп белгилешти. Шайлоо ийгиликтүү өткөнүнө карабай биометрикалык системдин киргизилиши шайлоочулардын тизмесин түзүүдө бир топ кыйынчылыктарды пайда кылганын кошумчалашты.Шайлоолорду узак мөөнөттүү байкоо миссиясынын башчысы Борис Фрлетц: "Борбордук шайлоо комиссиясы ММКлар үчүн ачык болду. Шайлоого чейин жабдууларды тестирлөөдөн өткөргөнү жакшы, бирок БШКнын айрым чечимдери мыйзамга каршы келип жатты. Кезек күтүп калгандардын алдын алуу, жарандардын тизмеси боюнча көйгөйлөр болуп жатты. Биометрика системи биринчи жолу киргизилди. Бул добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоонун алдын алуу үчүн жасалган. Биометрикалык маалыматын тапшыртуу максатында калкка басым жасалганы тууралуу маалымат бар. Өздүк маалыматынын коопсуздугунан кооптонгон жарандар шайлоого катышпай, шайлоочулардын тизмесине кирбей калышты. Үгүт кампаниясынын жүрүшүндө айрым жарнактар өзбек тилинде чыгарылганы менен, бюллетендерди чыгарууда улут азчылыктарынын кызыкчылыгы эске алынган эмес",- деди.
Байкоочулар шайлоо тынч өткөнү менен, айрым техникалардын бузулушунан шайлоо процессинин бир канча убакытка токтоп калганын айтышты.