Алмазбек Атамбаев бул түнү эмне үчүн уктабаганын айтып берди

"4-октябрь - шайлоо күнү Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый күн болду, анткени биз таза, адилеттүү шайлоо өткөрдүк",- деди бүгүн, 5-октябрда чет өлкөлүк байкоочулар менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев.
Анын айтымында, акыркы он жылдын ичинде бир нече парламенттик жана президенттик шайлоолор өтүп, митингдер менен коштолгон. "Адилетсиз шайлоо 2005-жылы жана 2010-жылы элдик революцияларга алып келди. Ошондуктан өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн таза шайлоо өткөрүү маанилүү",- деди президент.
Андан соң ал бул түнү эмне үчүн уктабаганын айтып берди. "Таза шайлоону өткөрүү мен үчүн жеке маселе болгон, анткени буга чейин 2009-жылы президенттик шайлоо өткөндөн кийин менин 19 тарапташым камалган. Алардын бири бюллетендерди урнага салып жаткан жаранды токтоткону үчүн камалган. Ошондуктан кечээки күн мен үчүн эң бактылуу күндөрүмдүн бири болду. Сүйүнүчүм ичиме батпай, бул түнү мен уктай алган жокмун, анткени биз таза, адилеттүү шайлоону өткөрдүк. Буга чейин таза шайлоонун өткөрүлүшүнө эч ким ишенген эмес",- деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан