"Жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоону өткөрүүгө “заказды”
аткарган партиялар жана бейөкмөт уюмдар каршы чыгышкан",- деди бүгүн, 5-октябрда чет өлкөлүк байкоочулар менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев. Анын айтымында, жаңы ыкмаларды колдонууга каршы чыккан адамдар митингдерге, "каруселдерге", махинацияларга кызыкдар болушкан. "Борбор Азияда биз биринчилерден болуп жаңы технологияларды шайлоодо колдондук. Мурда мен "Кыргыз Республикасы - эң туруктуу мамлекет" дегенимде баары күлүшкөн болчу. Кечээки шайлоо тынч, митингсиз өткөнүнө күч түзүмдөрүнүн өкүлү таң калган, анткени бизде ар бир шайлоо нааразычылык акциялар менен коштолуп келчү",- деди өлкө башчы.
Андан соң ал эки жылдан кийин өлкөдө президенттик шайлоону өткөрүү кыйла жеңилирээк болорун баса белгиледи.