Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды
Президент Алмазбек
Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө»
жарлыкка кол койгонун Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жарлыкта КРнын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым
укуктары 2012-жылдын 12-ноябрынан баштап алардын ээлеген кызмат
орундары Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ээленгенге чейин
узартылсын деп жазылат: Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы; Ташкараева Анарбүбү Конгайтиевна - Талас облусунун Талас шаардык сотунун
судьясы; Эшалиев Нурманбет Касымбекович - Чүй облусунун Кемин
райондук сотунун судьясы.