Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин, депутаттардын айлыгына сентябрда 44 миллион сом кетти

Быйылкы жылдын сентябрында Жогорку Кеңештин чыгымдары 77,5 миллион сомду түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, жалпы чыгымдарга Жогорку Кеңештин аппаратынын жана Иш башкармалыгынын чыгымдары киргизилген. Каражаттардын жарымынан көбү маянага жумшалганы айтылды. Депутаттардын, аппарат кызматкерлеринин айлыгына, Социалдык фондго чегерүүлөрдү эсепке албаганда, 44,5 миллион сом бөлүнгөн. 
"Башка товарларды сатып алууга жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 11 миллион сом, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө 5 миллион сом, кызматтык сапарларга 4,4 миллион сом бөлүндү. Калган каражаттар коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, байланыш кызматтарына, оңдоп-түзөөгө жана башка чыгымдарга жумшалды",- деп айтылат маалыматта.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан