Жылнаама, 6-октябрь: Мындан 31 жыл мурун "Даңазалуу кылым" сериалында султан Сулаймандын кызы Михримахтын ролун аткарган актриса Пелин Карахан төрөлгөн

* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы тилчи-түрколог, коомдук ишмер, “Манас” эпосун изилдөөчү, академик Болот Юнусалиев Кеминдеги Үч-Урук айылында устанын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1926-жылы Фрунзе интернатында, 1930-1931-жылдары Ташкенттеги Политехникалык техникумда окуп, 1933-жылы Москва шаарындагы Педагогикалык институтту аяктаган. 1930-1940-жылдары Москвада агартуу жаатында жооптуу кызматтарда иштеп, кийин 4 жыл согушка катышкан. Согуштан кийин кесибин улантып, Кыргыз ССРинин Эл агартуу министри (1945-1951-ж.ж.) болуп эмгектенген. 1954-1960-жылдары бир эле кезде Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 1965-1970-жылдар аралыгында Кыргыз ИАнын “Манас” секторунда улук илимий кызматкерлик милдетти аткарган. Өмүрүнүн аягына чейин кыргыз элинин улуу эпосу “Манасты” изилдөөнү токтоткон эмес. Ал – кыргыз мектептерине арналган алиппе китебинин жана 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. КРнын Эмгек сиңирген ишмери Болот Юнусалиев Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси ордендери менен да сыйланган. 1970-жылы дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы актёр Мирлан Абдуллаев Токмок шаарында туулган. Мектепти бүтүргөн соң Улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырып, юрист адистиги боюнча аяктаган. Тасма талаасына досу Адил Кайыпов аркылуу аралашып, алгач эле “Стоп траффик” фильмине тартылган. Кийин "Уурунун махабаты", "Чыңгыз хандын ак булуту", "Аят", "Байланыш" жана бир канча кыска метраждуу фильмдерге, клиптерге тартылган.
* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы Ашхабадда күчү 9-10 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Ашхабаддагы курулуштардын 90-98 пайызы ураган. Жер титирөөнүн кесепетинен 176 миң кишинин өмүрү кыйылып, 8 миңден ашык ата-энесиз калган балдар чет өлкө­лөр­гө эвакуацияланган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы "Даңазалуу кылым" сериалында султан Сулаймандын кызы Михримахтын ролун аткарган актриса Пелин Карахан Түркиянын Анкара шаарында туулган. Ал алгач "Nestle", "Coca-Cola'нын" жарнамалык түрмөктөрүнө тартылып, көпчүлүктүн көзүнө илинген. Ал эми алгачкы ролун "Кыялкечтер" сериалында аткарып, анда 2007-жылдан 2011-жылга чейин тартылган. 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Даңазалуу кылым" сериалында султан Сулаймандын кызы Михримахтын ролун ойногон.
6-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан