“Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү парламенттик шайлоо демократиялуу, жогорку
деңгээлдеги даярдыкта жана бардык эл аралык ченемдерди сактоо менен өткөндүгү
боюнча бир пикирде болушту”,- деп билдирди КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун
координатору, Молдова Республикасынын парламент төрагасынын орун басары
Владимир Витюк 5-октябрда өткөн брифингде. Ал кыргыз өлкөсүнүн элин эркин тандоо жасалган шайлоо менен куттуктады.
“Миссиянын ишинин жүрүшүндө КМШ ПААнын байкоочулары шайлоого даярдык
этабында жана шайлоонун жүрүшүндө шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары
жана бюллетендерди автоматтык түрдө санай турган жабдуу сындуу заманбап
технологиялар ийгиликтүү ишке киргизилгендигин белгилешти. Бул постсоветтик
аймак үчүн жаңылык. Жаңы технологияны колдонууда техникалык мүчүлүштүктөр
болот деген чочулоолор болгон. Анткен менен шайлоонун уюштуруучулары мындай
жагдайларга олуттуу даярданышкан экен, ар бир шайлоо тилкесинде атайын бөлүм
уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү менен алектеништи”,- дейт ал.
В.Витюк миссия ишинин жүрүшүндө КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун
мүчөлөрү бардык республика боюнча 111 шайлоо тилкесин кыдырып чыгышкандыгын
кошумчалады.