БШК шайлоонун расмий жыйынтыгы 24-октябрга чейин жарыяланарын билдирди

Өлкөдө 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 24-октябрга чейин жарыяланат. Бул тууралуу 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, бул аралыкка чейин добуштар толук саналып бүтүп, шайлоого катышкан партиялардан түшкөн арыздар каралышы керек. Соттук отурумдар болот. Бардык протоколдор текшерилип бүткөндөн кийин акыркы жыйынтык жарыяланмакчы. 
Эскерте кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке 6 партия өттү. 8 партия 7 пайыздык босоголук чекти басып өтө албай калды. Шайлоого жалпы 14 партия катышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан