Быйылкы жылдын 9 айында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгымы 1 миллиард 690 миллион 600 миң сомду түздү. Теңдештирүүчү гранттар 1 миллиард 65 миллион 700 миң сомду, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражат 624 миллион 900 миң сомду түзгөнүн 6-октябрда Каржы министрлигинен билдиришти.
“Тийиштүү мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш. 2015-жылы жергиликтүү бюджеттер үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203 миң сом суммасында бекитилген",- деп айтылат маалыматта.
Теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо үчүн минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.