Каныбек Осмоналиев: "Учурда өлкөдө 2864 диний уюм иштеп жатат"

"Кыргызстанда азыркы учурда 2864 диний уюм иштеп жатат." Бул маалыматты бүгүн, 5-мартта ЖКда өткөн "КРдагы диний кырдаал жана диний билим берүү" аттуу парламенттик угуу учурунда депутат Каныбек Осмоналиев айтты. Депутат билдиргендей, аталган уюмдардын ичинен 2393ү расмий каттоодон өткөн. Ошондой эле өлкө боюнча 2321 мечит жана 372 чиркөө бар экендиги айтылды. Парламенттик угууга вице-премьер-министр Камила Талиева, бир катар мамлекеттик мекемелердин башчылары, дин өкүлдөрү жана эксперттер катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан