Алыскы аймактардагы интернетке туташтырылбаган 16 шайлоо участкасынан протоколдор Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, азырынча бул протоколдордогу маалыматтар эсептелине элек жана бирдиктүү серверге жүктөлө элек. "Учурда аймактык шайлоо комиссиялары жыйынтыктарды чыгарууда",- деди Абдраимов.
Айта кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыктары 20 күндүн ичинде белгилүү болушу керек.