Шайлоого катышкан 20 миңдей адамдын добушу санала элек

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 20 миңдей адамдын добушу санала элек. Бул тууралуу 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Байланыш начар болгон аймактардагы шайлоочулардын добуштары санала элек. Калган аймактар боюнча добуштар электрондук түрдө да, кол менен да саналып бүткөнү, жыйынтыгында айырмачылык болбогону айтылды. 
Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча парламентке 6 партия өттү. Алар: КСДП, "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Ата Мекен". Шайлоого 14 партия катышкан, алардын сегизи 7 пайыз босоголук чекти басып өтө албай калды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 60 пайызга жакыны катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан