Коргоо министрлиги "Aikо Seiko" кийим тигүүчү ишканасына 800 миң сом карыз

Ысык-Көл облусундагы "Aikо Seiko" кийим тигүүчү ишканасына УКМК 200 миң сом, Коргоо министрлиги 800 миң сом карыз. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта аталган ишкананын башкы менеджери Сайит Жусуев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Маалым болгондой, аталган мамлекеттик мекемелер бул кийим тигүүчү ишканага атайын форма тиктирип, акчасын өз учурунда беришкен эмес. "Биздин ишкана жылына 30 миллион сомдук кийим-кече тигет. Эң башкы көйгөй карыздардын өз убагында берилбегени",- деди Жусуев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан