Өлкө аймагында курулуп жаткан мектептерди каржылоо 80 пайызга аткарылды

Бүгүн, 7-октябрдагы маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков өлкө аймагында курулуп жаткан мектептерди каржылоо 80 пайызга аткарылганын айтты. 

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Таалайбек Нурбашев ушул кезге чейин пайдаланууга бериле турган 51 мектепти кабыл алышканын билдирди. "Дагы 20 объектти кабыл алабыз. Сапаты текшерүүдөн өтүп жатат. Мектептерден тышкары Каржы министрлигинин, ИИМдин, Чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган үйлөрдү текшерүүдөн өткөрдүк. Пландалган ири долбоорлор аткарылды",- деди Нурбашев. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан мектептерде спорттук зал болорун, жылытуу системдери жаңыланарын белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан