Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовду атып кетишти

Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовду белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. Анын айтымында, окуя саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Могол көчөсүндө болгон. 1975-жылы туулган кылмыш чөйрөсүндө Боке деген ат менен таанымал кримавторитетти кылмышкерлер өз үйүнүн жанынан атышкан. Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 октон жаракат алган Маматов ооруканада көз жумду. “Маматов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон, бирок 2010-жылы тизмеден чыгарылып, катардагы жарандардын арасына кошулган. Бул жаран мурун соттолгон болчу”,- дейт Сусунбаев. Ошондой эле бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adalsvards
2013-03-05 17:49:22
Жаныш Бакиевдин "периштеси" дегеничи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан