Жылнаама, 8-октябрь: Мындан 30 жыл мурун "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер телеалпаруучусу" Эрмек Нурбаев туулган

* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы "Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси, "Заманыбыздын супер телеалпаруучусу" Эрмек Нурбаев Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп, Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач КВНдерге катышып, эл алдына чыгып жүрүп, телевидениеге 2005-жылы "Браво" долбоору аркылуу келген.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Талас районунун Арал айылында жайгашкан "Талас Коппер Голд" ишканасынын геологиялык-чалгындоо лагерине 8 атчан кол салган. Анда лагердин коопсуздук кызматынын башчысы, кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиевдин агасы Таалай Сыдыгалиев аёосуз ур-токмокко алынган.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы америкалык ырчы Бруно Марс Гавайидеги Оаху аралынын Гонолулу шаарынын Вайкики районунда туулган. Ырчынын өз аты-жөнү - Питер Жин Эрнандес. Ал бала кезинде ошол кездеги рестлер (күрөштүн заманбап түрү) боюнча белгилүү болгон Бруно Саммартиного окшошуп кеткендиктен, туугандары "кичинекей Бруно" деп чакырып калышкан. Ал эми Марс деген ысымды сахнага чыга баштаганда кошуп алган. 
2003-жылы Бруно мектепти аяктап, Лос-Анжелес шаарына ырчы болуу максатында сапар алган. Брунонун алгачкы "Сен эгерде түшүнбөсөң жакшыраак болмок" ("It's Better If You Don't Understand") аттуу альбому хит-параддарда алдынкы ондукту ээлеп, күйөрмандарынын саны арбыган. Брунонун 2010-жылы чыккан "Жөн гана ошондойсуң" ("Just the Way You Are") аталыштагы альбому ийгиликтүү болгон. Анын "Жардыргыч" ("Grenade") аттуу ыры өзгөчө популярдуулукка жеткен. 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Кашмирде күчү 7,6 баллга жеткен зилзала болуп, ал Пакистанда, Ооганстанда жана Индиянын түндүгүндө ири кыйроолорго алып келген. Көптөгөн айылдар жер менен жексен болуп, 200 миңге жакын пакистандык жана 1300 индиялык жаран каза болгон.
8-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан