Өкмөт башчы Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, бүгүн, 8-октябрда премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапары менен жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Сариев Жалал-Абад облусундагы оңдолуп жаткан жолдордун, мектептер жана башка социалдык объекттердин курулушунун жүрүшүнөн кабар алат. Ошондой эле Базар-Коргон районундагы пахта заводунун, Ноокен районундагы жашылча-жемиш сактоочу кампалар жана күнөсканалардын иши менен таанышмакчы. Муну менен катар Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын VII Спартакиадасынын ачылыш салтанатына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан