Мамлекеттик каттоо кызматы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерден алынып келинген автоунааларды жана алардын прицептерин талапка ылайык каттоону баштады. Мекемеден 8-октябрда билдиришкендей, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн киргизилген транспорт каражаттары 2015-жылдын 12-августунан бери (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөрүшү күчүнө киргенге чейин) жүктүк бажы декларациясы талап кылынбай каттоого алынып келген. Автоунаалар 2015-жылга бекитилген тарифтик торчонун жана өкмөттүн тийиштүү токтомунун негизинде каттоого алынып жатканын билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.