Ысык-Көлдөгү Кум-Бел айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына кылмыш иши козголду. Ал аталган айыл өкмөткө караштуу жер тилкелерин бирөөлөргө мыйзамсыз жол менен берүү кылмышы боюнча айыпталууда. Анын кесепетинен бюджетке 1 миллион 700 миң сом чыгым келтиргенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул факты УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жергиликтүү бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана аларды токтотуу максатында өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында белгилүү болду. Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан