15-октябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын расмий жабылышы болот

15-октябрда Жогорку Кеңештин V чакырылышынын расмий жабылышы болот. Парламенттин маалымат кызматы 7-октябрда билдиргендей, иш-чара Жогорку Кеңеште саат 9:30да өтөт. Ушуну менен 2010-жылдан бери иштеп келген парламент ишин токтотот. Андан кийин жаңы шайланган парламент депутаттары ишке киришет. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары октябрдын аягына чейин ишин расмий түрдө башташат. 
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин V чакырылышында 5 партиядан шайланган депутаттар иштеди. Ал партиялар: КСДП, "Республика", "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана "Ата Журт". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан