Кыргыз курамасы Тажикстандын оюнчуларынын дарбазасына кооптуу абалдарды улам жаратканы менен, эсеп өзгөрө элек. Акыркы мүнөттөрдө бурчтан чыгарылган топту баш менен сүзүп киргизүүгө аракет болуп, топ тажикстандык коргоочулардын бутунан артка кайтты. Кийинки кооптуу абал - дарбазачы менен жекеме-жеке чыгууга жакындап, коргоочулардын тоскоолдугу менен топту дарбазага таамай тебүүгө болбой калды. Чабуул уланууда. Тажикстандык команда коргонуусун күчөтүп, көбүнчө каршы чабуул уюштурууга ыктап жатат.