Салык кызматкерлери Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өлкөлөрүнүн Салык кызматтарынын жетекчилер кеңешинин отурумуна катышышты

Мамлекеттик салык кызматынан делегациясы Шымкент (Казакстан) шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги мамлекеттеринин Салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 22-отурумуна катышышты. Бул тууралуу 9-октябрда аталган мекемеден билдиришти. 

Отурумдун катышуучулары КМШ мамлекеттеринин финансы-экономикалык чөйрөсүндө өз ара кызматташуу маселелерин, Координациялык кеңештин 2015-2016-жылдарга карата тапшырмаларын жана башка дагы бир нече темадагы маселелерди талкуулашты.

Салык кызматынын жетекчилери маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу, контролдук-кассалык техникалардын колдонулушуна көзөмөлдүк кылуу жана товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү бөлүгүндө түшкөн акчаны эсепке алуу, ошондой эле салыктык текшерүү жүргүзүүдө салыктык көзөмөлдүн инновациялык ыкмаларын колдонуу чөйрөсүндө өз ара кызматташуу маселелери боюнча тажрыйба алмашышты.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча отурумдун катышуучулары салыктык тескеп-башкарууну ишке ашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин Салык кызматтарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколдун долбоорун кабыл алышты. Протокол салыктык көзөмөлдү күчтөндүрүүгө жана салык төлөмдөрүн толугу менен жана өз убагында камсыз кылууга багытталган.

Ага Армения, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Тажикстан, Беларусь жана Орусиянын салык кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле Грузия жана Түштүк Корея Республикаларынын салык органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, КМШ мамлекеттеринин Салык кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу КМШ чегинде салыктык тескеп-башкарууда өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жылына бир жолу өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан