Манастырли уюм мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип жатканын белгиледи. "Биз мындан ары да Жогорку Кеңеш жана өкмөт менен жакындан кызматташып, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу инвестициянын көлөмүн арттыра турганыбызга ишеним артам",- деди ал.
Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, ЕРӨБ менен кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын билдиришкенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.