Кечээ, 8-октябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Тажикстан курамасы менен беттешип, 2:2 эсебинде тең ойношту. Бул беттештин мыкты оюнчусу болуп Антон Землянухин табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Антон беттеште 90 мүнөт бою алмаштырылбай, толук кандуу ойноду. Ал оюндун 7-мүнөтүндө гол киргизген Бактияр Дүйшөбековго топту чыгарып берсе, 90-мүнөттө пенальти тээп, эсепти теңеди.
Кошумчалай кетсек, Антон Землянухин бул мелдештин башталышында Бангладешке каршы оюнда 2 гол киргизген. Бул гол анын тандоо турунда киргизген үчүнчү голу болуп калды.