Жылнаама, 10-октябрь: Мындан 56 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Турапов туулган

* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы КРнын Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын экс-жетекчиси, опера ырчысы Керим Турапов Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Ал студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестринин коллективине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды аткарган. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен.
Керим Турапов Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон, ошондой эле 1991-жылы "КРнын Эмгек сиңирген артисти", 1995-жылы "КРнын Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген. 
 
* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр Гананын каржы министринен кечирим сураган. Дэлавер штатындагы Дувр шаарындагы ресторан кызматкерлери министрдин терисинин түсүнө байланыштуу аны тейлөөдөн баш тартышкан.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы франциялык актриса жана жаныбарлардын укугун коргоого умтулган Бриджит Бардо мусулмандарга койду курмандыкка чалууга тоскоолдук жараткандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Актриса 1600 АКШ доллар өлчөмүндөгү айып пул төлөп кутулган. Бул көрүнүш коомдо түрдүү кептерди жаратып, андан кийин ошол сыяктуу улуттар аралык талаш жарата турган иш-аракеттери үчүн 4 ирет айып пулга жыгылган. 
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы америкалык актёр Кристофер Рив 52 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган. 
Ал 1978-жылы "Супермен" тасмасында Супермендин ролун жаратып, атактуулукка жеткен. Ал актёрлуктан сырткары театрда иштеп, документалдык тасмаларды тартып, илимий жана коомдук иштер менен да алектенген. Музыкага жакын болуп, пианинодо ойночу. Андан сырткары спортчу, каскадёр, яхтсмен, аквалангист, дельтапланерист да болгон. 
1995-жылы 27-майда аттан кулап моюн омурткасын сындырып алып, шал болуп калган. Оор операцияны башынан өткөргөн Кристофер Рив кыймылдамак турсун өз алдынча сүйлөй алган эмес. Атайын аппараттын жардамы менен сүйлөгөн актёр ооруга моюн сунбастан, коомдук иштерге активдүү катышып, жубайы менен биргеликте шал болуп калган адамдар үчүн атайын борбор да ачкан.
10-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан