Жылнаама, 11-октябрь: Мындан 10 жыл мурун төкмө акын Эстебес Турсуналиев 74 жашында дүйнөдөн кайткан

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы ырчы Нуриса Абазова Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Торкен айылында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик опера-балет театрынын астындагы опералык студияда окуган. Театралдык жаатта актёрдук кесип боюнча билим алып, актриса катары Кыргыз драма театрында эмгектенген. Алгач Бек Борбиев менен дуэт ырдап чоң сахнага аттанып, андан соң Сыймык Бейшекеев менен ырдап чыга баштаган. Элге "Эски бак", "Тазасы барбы?", "Махабат музыкасы", "Ал - махабат" аттуу ырлар аркылуу белгилүү болгон.
 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1-даражадагы Манас орденинин кавалери, төкмө акын Эстебес Турсуналиев 74 жашында дүйнөдөн кайткан.
Эстебес Турсуналиев 1931-жылы Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган. Тогуз жашында комуз черткенди үйрөнүп, он эки жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Бир нече ыр китептин автору. Кинофильмдерге тартылган. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы индиялык актёр жана саясатчы Амитабх Баччан Индиянын Аллахабад шаарында туулган. Эң алгачкы жолу 1969-жылы тартылган "Семь индеецев" тасмасында кичинекей гана эпизодго тартылган. Андан кийин радиолордо диктор, театрларда актёр болуп иштеп келген. Кийин "Месть и закон" тасмасына тартылып, чоң ийгиликтерге жеткен. Амитабх Баччан актёрлук карьерасында 200дөн ашык тасмада роль жараткан.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Киевдин Печердик райондук соту Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенкону 7 жылга эркинен ажыраткан. Сот Родион Киреев аны "2009-жылы Орусия менен болгон газ келишиминде кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө 187 миллион доллар чыгым алып келген" деп тапкан. Ошол эле учурда ага 3 жыл мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучулук кызматтарда иштөөгө тыюу салынган.
11-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мэри
2015-10-11 01:05:14
Эстебес атанын үнү сонун болчу да, шаңкылдап... "Махабат дастаны" тасмасындагы ырларды аткарган да, уккан сайын уккуң келет...
0
Zarlyk.322
2015-10-11 12:16:34
Эстебес атанын ырлары кимде бар.жуктоп же ватцаптан жибергилечи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан