Жылнаама, 12-октябрь: Мындан 80 жыл мурун Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти туулган

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы ырчы Кенже Дүйшеева Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. 1992-жылы мектепти аяктап, 1994-жылы Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган.
3 жашынан баштап райондук, облустук сынактарга катышып, чоң сахнага чыга баштаган. Ал эми 1994-2010-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда ырдаган. 2010-жылдан баштап жеке ырчы жана "Жебе" тобунун жетекчиси катары белгилүү болгон. Репертуарында "Аялзат", "Жалгызым", "Балалык" ж.б. ырлары бар.
Кенже Дүйшеева 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланган. Ал "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 2009-жылы "Супер ырчы айым" деп табылган. 
 
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев ири финансылык көз боёмочулук боюнча айыпталып АКШнын өтүнүчү менен Лондондо кармалып, ошол эле күнү күрөө менен камактан чыгарылган.
* Мындан 84 жыл мурун, 1931-жылы Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарынын символу болуп калган Ыйса Куткаруучунун эстелиги ачылган. Ошол жылдан бери колдорун кенен жайып, бүт шаарды кучагына алып турган эстелик Рио-де-Жанейронун тургундарынын кең пейилдигинин, меймандостугунун белгиси болуп, миллиондогон туристтерди шаарга чакырып турат. Эстеликти дүйнө кереметтеринин катарына кошуу үчүн Бразилиянын президенти да өз добушун берген. Бул керемет Бразилиянын эгемендүүлүк күнүнө карата тургузулган. Инженер Эктор да Силва Костанын долбоорун шаар тургундары да, мамлекет да, жергиликтүү чиркөөлөр да колдоп, тез аранын ичинде каражат топтошкон. 1980-1990-жылдары аны калыбына келтирүү иш-чаралары өткөн. 2000-жылдан бери эстеликке 220 баскычтуу тепкичтен сырткары эскалатор менен да көтөрүлсө болот
Ыйса Куткаруучу Корковадо тоосунда деңиз деңгээлинен 710 метр бийиктикте жайгашкан. Анын өзүнүн бийиктиги 38 метр болсо, жайылган колдорунун узундугу 23 метр. Курулуштун салмагы 1140 тоннага жетет.
* Мындан 80 жыл мурун, 1935-жылы Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти Италиянын Модена шаарында туулган.
Лучано Павароттинин чыгармачылык карьерасы 1961-жылы вокалисттердин эл аралык сынагындагы жеңиши менен башталган. Ал эми 1972-жылы Нью-Йорктогу Метрополитен операсында ырдаганынан кийин жылдызы жана баштаган. 
Өз муунундагы тенор ырчылардын эң мыктысы деп эсептелген Лучано Паваротти 2007-жылы 6-сентябрда 71 жашында Италиянын Модена шаарында көз жумган. Ал 2006-жылдан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген.
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы Жасмин деген ысым менен белгилүү болгон орусиялык ырчы, теги дагестандык Сара Семендуева Дагестандын Дербент шаарында туулган. Ырчылык карьерасын 1999-жылы "Так бывает" ыры менен баштаган. Жасминдин хитке айланган ырлары: "Долгие дни", "Перепишу любовь", "Торопишься слишком", "Головоломка", "Дольче Вита", "Да!", "Самый любимый", "Как ты мне нужен", "Индийское диско", "Дежа Вю", "Ночь", "Виновата", "Лабу-Дабу", "От любви до любви" ж.б.
12-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан