Билим берүү жана илим министрлиги: "Ата-энелер көп тилдүү билим берүүнү колдошууда"

"Акыркы 6 айда Билим берүү жана илим министрлиги көп тилдүү билим берүүгө арналган семинарларды өткөрдү жана мындай иштин оң жыйынтыгы байкалды",- деп билдирди бүгүн, 12-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы.
Семинарларда педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, окуу усулдарынын ар түрдүүлүгү боюнча сабактар өткөрүлгөнү айтылды. Көп тилдүү билим берүүнүн тренери Жылдыз Тойчуева буларды билдирди: "Улуттук билим берүүдө алгач грамматикага көңүл бөлүнсө, көп тилдүү билим берүүдө коммуникативдик ыкмаларга басым жасалат". 
Көп тилдүү билим берүүнүн жакшы жактарын эске алган ата-энелер, педагогдор, жергиликтүү бийлик органдары мамлекетибиздеги көп тилдүү билим берүүнү колдошкону айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан