Барак Обама: "Москва менен Тегеран Башар Асадды кысымга алышы керек"

"Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга негизги "оюнчулардын" баары катышуусу керек. Америка Кошмо Штаттары Орусия менен Иран Сириянын президенти Башар Асадга таасир эте алат деген пикирде". Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди. 
Обама Сирия боюнча Орусиянын стратегиясын сынга алып: “Бул туура эмес кадам. Асад бийликте турган учурда Сирия оппозициясынын күчүн "Ислам мамлекети" тобуна каршы жумшоосу мүмкүн эмес. "Ислам мамлекети" тобун жеңүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүш керек. Суннит коомчулугун күрөшкө тартуу зарыл. Сирия маселесин аскер күчү менен чечүүгө болбой турганына толук ишенем",- деп билдирди.
АКШ президенти Орусия Сирияга аскердик жардам көрсөтөрүн алдын ала билгенин, анткени Орусия Башар Асаддын режиминин кулашынан чочулап жатканын, АКШ Сирия менен Иракка кургакта согушуучу аскерлерди жөнөтүүнү пландай электигин кошумчалады. 
"Бирок аба аркылуу жүргүзүлүп жаткан аскер операциясы токтотулбайт",- деди АКШ лидери.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан