Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев кызматтан алынды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматы жарыялады.
Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Абибилла Кудайбердиевге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "мамлекеттин мүлкүн максатсыз пайдалануу" беренелери боюнча иш козгогон эле.