Кемин райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Б.М. аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган тергөөчү оор кырсыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы үчүн айыпталууда. Окуя боюнча: 2012-жылдын 1-декабрында Кемин РИИБине күйөөсүнөн токмоктолгонун айткан М.М. аттуу аял кайрылган. Катуу сабалган ал аял алгач Орловка шаарындагы ооруканага, андан соң Чүй облустук ооруканасына жаткырылып, бирок 8-декабрь күнү каза болуп калган. Бул окуяны көзөмөлүнө алган тергөөчү Б.М. ишке үстүртөн жана жоопкерчиликсиз мамиле жасап, 9-декабрда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алгандыгы айтылууда.