Беларуста Николай Статкевич, Владимир Некляев жана Анатолий Лебедько баштаган оппозиция лидерлери 11-октябрда эл аралык коомчулукту Беларуста өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырышты. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, "Беларусь президентин шайлоо деген саясий кампания аягына чыкты. Башында чыныгы президент 82 пайыз добуш алыш керек деген сөз болгон. Ошол нерсени ишке ашырышты",- дейт Некляев.
Лебедьконун айтымында, беларусь бийлиги шайлоо эмес, спектакль уюштурду. "Бул беларусь элин шылдыңдоо. 100 пайыз мыйзам бузуу менен өткөн бул шайлоонун жыйынтыгын жана Лукашенконун легитимдүүлүгүн эл аралык коомчулук эч качан тааныбашы керек",- деди оппозиция өкүлү.
Лукашенконун үч атаандашынын экөөсү добуштар санала электе эле Лукашенкону жеңиши менен куттукташканы айтылды. Алар: Сергей Гайдукевич менен Николай Улахович.
Беларусь БШКсы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко шайлоочулардын 83,49 пайыз добушун алуу менен жеңишке жетишкенин жарыялады.