Жааган жамгырга байланыштуу футбол боюнча улуттук курам машыгуусун Кантта өткөрмөй болду

Эртең, 13-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Бангладеш курамасы менен беттешет. Оюн Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында "В" тайпасында өтөт. Бул оюнга карата улуттук курам бүгүн башкы стадиондо машыгуу өткөрө турганы маалымдалган, бирок жаап өткөн жаанга байланыштуу план өзгөрүлгөнүн, машыгуу Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтөрүн федерация кабарлады. Машыгуу 17:15те башталат. 
"Машыгууну аба ырайына карата жана газонго зыян алып келбөө максатында Кантта уюштурмай болдук",- деп жазылат маалыматта. 
Ал эми Бангладеш курамасы машыгуусун саат 17:00дө Футбол федерациясына караштуу Футбол борборунда өткөрөт. 
Кыргыз мамлекетинин курамасы менен Бангладеш курамасынын оюнуна эртең, 13-октябрда 19:30да старт берилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jugorsk
2015-10-12 17:17:41
Молодец ошентип стадионду коргозбой тургулла матч башталгыча сырын билип алса жанталашып ойноп утуп койушу мункун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан