БШК Адахан Мадумаров ишенбей жаткан участкаларда добуштарды кайра санап чыгууну чечти

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-октябрда парламенттик шайлоодон кийин талаш жараткан участкаларда добуштарды кайра санап чыгууну чечти. БШКнын билдиришинче, Ош шаарындагы №5299, 5317, Араван районундагы №5358, 5359, 5481-шайлоо участкаларында добуштар экинчи жолу эсептелип чыгат. Аталган участкаларда добуштарды электрондук эсептөөнүн жыйынтыгы кол менен саналган добуштарга дал келбей жатканын шайлоого катышып өтпөй калган "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы айтып чыккан эле. Бул боюнча партиянын өкүлдөрү БШКга арыз жазышып, шек жараткан участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо керектигин билдиришкен. Алар добуштардын айырмачылыгы 37 миң болуп жатканын айтышкан. 
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мындай болушу мүмкүн эместигин билдирүү менен "БШК добуштарды Мадумаровдун маңдайына коюп алып санап чыгууга даяр" деген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан