Ысык-Ата районунда унаа каналга кулап түшүп, бир адам ооруканага жеткирилди

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында Опел унаасы суу каналына түшүп кетип, бир адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринин айтымында, окуя саат 20:10 чамасында болгон. Кырсыктан 28 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Ал эми унаанын айдоочусу Кант шаарынын тургуну 19 жаштагы Ч.Виталий экендиги аныкталды. Учурда жол кырсыгы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан