Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо серепчи Бакыт Бакетаев айрым мамлекеттик маселелерди чечүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролун белгиледи. Серепчи жаңы шайланган депутаттарга кресло алуу аракетин мисал келтирди. "Журналисттердин жардамы менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына сатылып алынуучу креслолор маселеси кызуу талкууга алынды. Жыйынтыгында депутаттар жаңы кресло алуудан баш тартышты",- деди эксперт.
Эскерте кетсек, 8-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Буга коомчулук катуу каршылык көрсөттү. Жыйынтыгында парламенттин Иш башкармалыгы тендерди жокко чыгарууга аргасыз болду.