Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекети АКШ менен кызматташууга өзгөчө маани берет"

Кыргыз мамлекети Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга өзгөчө маани берет. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-октябрдагы АКШ, Украина, Германия, Египет, Литва жана Чили өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда билдирди. 
Президент Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы кызматташтык бекемделип, жаңы элчи Шейла Гуолтни эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге жаңы дем берерине ишенерин айтты. 
Эскерте кетсек, Шейла Гуолтни АКШнын кыргыз жериндеги элчиси болуп быйыл жайында дайындалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан