Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн. БШКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда БШК аймактардан келген добуштарды кол менен эсептеп бүтүү алдында турат. Ал эми бүгүн мекеме жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов атайын жыйын өткөрөт. Анда парламентке өткөн партиялардын айрым талапкерлерин тизмеден чыгарып жатканы боюнча маселе каралмакчы.