Бишкек шаарында каракчылык кылмышына шектүү 20 жаштагы Х.Мамур аттуу жаран кармалды. Ал 5-март күнү саат 07:00 чамасында шаардын Абдрахманов көчөсүндөгү "Хаят" мейманканасынын жанынан 26 жаштагы жаранды коркутуп, тоноп кеткен. Тактап айтканда, кылмышка шектүү жаран Н.Жакшылык аттуу Ак-Өргө жаңы конушунун тургунунун 200 сом акчасын жана 4000 сомдук уюлдук телефонун алып кеткен. Бул факты тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди Бишкек шаардык ИИБи.