"Жаңы чакырылыштын депутаттары биз баштаган ишти андан ары ийгиликтүү уланта турганына ишеним артабыз" деди төрага Жээнбеков

Бүгүн, 15-октябрда V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жыйынтыктады. Жыйын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттик демократияны жаңы шартта, жаңы нукта калыптандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү милдети 75 жылдык тарыхый таржымалы бар кыргыз парламентинин мына ушул чакырылышы иштеген учурга туш келгенин, көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, өзүнө тагылган тарыхый милдетинин өтөсүнө татыктуу чыга алганын баса белгиледи.

"Ошентип, V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш конституциялык мөөнөтүнүн соңуна чыгып, өз ишибизди жыйынтыктап жатабыз. Азыр ага учкай болсо да баа бере турган кез келди. 75 жылдык тарыхый таржымалы бар кыргыз парламентинин бул чакырылышы 2010-жылкы Элдик революциядан кийин өлкө өнүгүүнүн бирден-бир алгылыктуу жолу катары тандап алган парламенттик демократия салттарын калыптандыруу башатында турду. Ал өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошо алды.

Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 2010-жылы өтө курч саясий күрөш шартындагы чыныгы атаандаштык негизинде шайланып келгенин жакшы билесиздер. Парламенттик демократияны жаңы шартта, жаңы нукта калыптандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү милдети да биздин учурга туш келди.

Мына ушу жагдайларды эске алганда, V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш бир топ орчундуу иштерди жүзөгө ашырып, бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алууга жетишти. Эң башкысы – Кыргыз Республикасындагы кырдаалды турукташтырууга, мамлекеттин коопсузудугун бекемдөөгө, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоого чоң салым кошо алды.

Ар кыл саясий багытты көздөгөнүнө карабастан, тагдыр чечер маселелерге келгенде, 5-чакырылыштагы парламентте 5 фракция тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү иш жүргүзө алды. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган олуттуу чечимдер дээрлик бардык депутаттардын колдоосуна ээ болуп, көпчүлүк мыйзам долбоорлордун басымдуу бөлүгү жалпы парламенттик фракция өкүлдөрүнүн тең катышуусунда иштелип чыкты.

Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңештин дагы бир өзгөчөлүгү – оппозиция да парламенттин ишине жандуу катышып, чечүүчү мааниге ээ эки комитетти жетектеп келди. Ошондой эле оппозиция өкүлдөрү Эсептөө палатасынан аудиторлорунун, Судьяларды тандоо кеңешинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн түздү. Бул конституциялык норма толугу менен сакталды",- деди ал. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан