Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштеринин иликтенүүсүн көзөмөлдөөчү онлайн системди ишке киргизет. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы бөлүмүнүн өкүлү Арслан Хуршудов бүгүн, 15-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди. “Ар бир ачылган кылмыш ишинин иликтениши боюнча маалыматты онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мында кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, ага дароо биз тараптан реакция жасалат”,- дейт Хуршудов.
Эскерте кетсек, коррупцияга каршы күрөшүү жолдору талкууланган тегерек столго Башкы прокуратуранын, ишкердик чөйрөнүн, Экономика министрлигинин өкүлдөрү катышты.